Menu

Анжиянда 8 жаштагы кызын муунтуп өлтүргөн киши кармалды

Бөлүшүү:

Анжиян облусунун Булакбашы районунда сегиз жаштагы кызын өлтүрүүгө айыпталган киши кармалды. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча ал кызын муунтуп, сөөгүн аңга таштап салган.

8 жаштагы Севара Юлдашева 23-октябрда дайынсыз жоголгон, анын сөөгү 2-декабрда гана Булакбашы районунда аңдан табылган. Кыздын өлүмү үчүн 27 жаштаы атасы Диербек Юлдашев күнөөлөнүүдө.

Укук коргоо органдарындагы булак кабарлагандай, Юлдашев кызын муунтуп өлтүрүп, сөөгүн аңга ыргытып, кылмышты кырк күн жашырган. Тергөө маалында ал өз баласын өлтүргөнүн моюнуна алган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Диербек Юлдашев мурдагы аялын кызганып, жалгыз кызына алимент төлөбөө үчүн ушундай кадамга барган. “Эки жыл мурун Диербек аялы менен ажырашып, башкага үйлөнгөн. Ал жалгыз кызына алимент төлөп турган. Эч жерде иштеген эмес. Алимент төлөбөш үчүн 8 жаштагы кызын өлтүргөн деп айтышууда”, – деди жергиликтүү жашоочулардын бири.

Учурда Диербек Юлдашевго карата “Атайлап киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголду.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 77 − 73 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: