«Манас» эл аралык аэробекетинен быйыл 1,5 млрд сом дивиденддин түшүүсү күтүлүүдө. Ал каражатан 500 млн сомду жаӊы авиакомпания түзүү багытында бөлүнүп берилсе, компания ички авиакаттамдарды тейлеп, тейлөө наркы арзандоо менен бирге, анын сапаты да жогоруламак, – деди Экмат Байбакпаев Жогорку Кеӊеш жыйынында. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.
«Акыркы учурда жылына бюджетке 1,5 млрд сомдон кем эмес каражат түшүп жаткан «Манас» аэробекети сатыла турганы тууралуу аргандай сөздөр айтыла баштады, сатпаш керек, тескерисинче, сакташ керек. Америкалык база кеткенден кийин, анын келечеги болбойт дешкен, бирок ал азыр киреше менен иштеп, өз каражатына оӊдолууда. Демек, анын менеждменти жакшы деӊгээлде. Ошондуктан, 500 млн сомду алардын өзүндө калтырып, ички каттамдарды тейлей турган жаӊы авиакомпания түзүү зарыл», – дейт депутат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ