Menu

Конгресс Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюцияны колдогон жок

Бөлүшүү:

АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасында демократтардын көбү республикачыларга кошулуп президент Дональд Трампка импичмент жарыялоо тууралуу резолюцияны колдоодон баш тартышты.

Демократиялык партиянын жетекчилиги бул демилгени «тентектик» жана убакытты бошко кетирүү катары айыптап, бүгүнкү күндө баары бир Өкүлдөр палатасында Республика партиясы көп добушка ээ экенин эске салды.

Ошентсе да 58 демократ импичментти колдоп добуш беришти. Ага 364 конгрессмен каршы болду.

Трамптын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу резолюцияны 14 жылдан бери Техас округунан шайланып келаткан конгрессмен Ал Грин демилгелеген. Анын айтымында, Трамп америка коомчулугуна өтө чоң зыян алып келүүдө. “Ал — эл арасында жек көрүүчүлүктү козуткан расист. Өзүнүн жүрүм-туруму менен ал президент институтун маскара кылды. Ошондуктан кызматтан четтетилүүгө татыктуу”, – деп эсептейт конгрессмен.

Ак үй Грин менен анын тарапташтарын Трамптын өткөн жылкы шайлоодогу жеңишин таануудан баш тарткан «экстремисттер» деп атаган билдирүүсүн таркатты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 63 − 59 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: