Menu

Алматыда сексуалдык зомбулук көргөн аял тууралуу китеп жарык көрдү

Бөлүшүү:

Алматыда укук коргоочулар жыныстык зордук-зомбулуктун курмандыгы болгон аял тууралуу “Лазат – тагдырымдын бергенин кабыл алам” деп аталган китепти тааныштырышты. Китептин авторлору –казакстандык Лазат Ракишева жана украиналык жазуучу Ирина Агапеева.

Иш-чаранын уюштуруучусу “НеМолчи.kz” кыймылынын жетекчиси Дина Смаилова китепте секелек кезинде эле сексуалдык зомбулукка кабылган Казакстандын чыгышындагы аял тууралуу баяндаларын билдирди.

“30 жашка чейин бул аял бир дарманын артынан экинчисин башынан өткөрүп, бирок башын төмөн түшүргөн эмес. Мынча сыноолордон кийин мүңкүрөбөй, кантип бактылуу жана ийгиликтүү болуш керектигин ушул китепти окугандан кийин билсе болот”, —деди ал.

Китеп бир нече тилде басылып чыгат. Сатыктан түшкөн акчаны зомбулуктун курмандыктарын колдоого жумшоо пландалууда.

Иш-чарада активисттер “#НеМолчиДетиKZ” коомдук кыймылын түзүп, балдар зомбулугуна каршы күрөшүү зарылдыгын белгилешти.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 7 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: