2017-жылдын 6-декабрь күнү Аламүдүн РИИБне 40 жаштагы Озерное айылынын тургуну Ж.А. арыз менен кайрылган. Себеби, 5-декабрь күнү болжол менен саат 17:00 чамасында Озерный айылында жайгашкан сарайынан арыздануучунун 1 баш ири мүйүздүү малын уурдап кетишкен. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.
Жогорудагы факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (мал уурдоо) менен кылмыш иши козголгон. Милиция кызматкерлери тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде аталган кылмыш ишине шектүү катары Бишкек шаарынын 38 жаштагы Ж.М. аттуу жашоочусу кармалып, камакка алынган. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ