Өзбекстандын Асака шаарындагы автомобиль заводуна Ислам Каримовдун ысымы ыйгарылды. Тиешелүү токтомго Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.
Мындан тышкары автозаводдун аймагында мамлекеттин биринчи лидерине арналган мемориалдык комплекс түзүлдү. Комплексте «Ислам Каримов жана Өзбекстандагы автомобиль өнөр жайынын өнүгүшү» деген туруктуу музей-көргөзмө ишин баштады.
Анжиян облусунун Асака районундагы автомобиль заводу ички рынокту унаалар менен камсыз кылбастан, өз продукцияларын сыртка экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө дагы ээ.
Өткөн жылы Асакадагы завод 20 жылдык мааракесин белгилеген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ