Menu

Отунбаева «Бир жол—бир алкак» долбоорунун келечеги тууралуу

Бөлүшүү:

1-декабрда  Кытайдын эң белгилүү   «Кытай жана глобализация» акыл-эс чордонунда  Роза Отунбаева  «Бир жол, бир алкак» долбоорунун өнүгүү келечеги тууралуу  баяндама  жасады. Белгилей кетсек,  КР экс-президенти Р.Отунбаева аталган борбордун кеңешчиси болуп саналат. Жолугушуу учурунда журналисттер, илим-изилдөөчүлөр, Борбор Азия боюнча адистер  баяндамачыдан көптөгөн суроолорго жооп алышты.

КР  экс-президенти  Роза Отунбаева белгилүү журналист  Тиан Вей менен Кытайдын Борбордук теле көрсөтүүсүндөгү (CGTN) «Дүйнө ичинен» эл аралык программасында аңгемелешти. Баарлашуу учурунда  Кытайдын глобалдуу демилгелеринде Борбор Азия өлкөлөрүнүн экономикалык келечеги, аймактагы  кытайлык инвестерлор үчүн  чакырыктар жана мүмкүнчүлүктөр, Кытай менен Россиянын ортосундагы Евроазиялык экономикалык өнөктөштүк жөнүндөгү келечектеги Келишимдер тууралуу маселелер  талкууга алынды.

Отунбаева иш сапар учурунда  «Р.Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду менен  кызматташкан бир канча  кытайлык өнөктөштөр менен жолугушту.

Булак: “ПолитКлиника”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 28 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: