Menu

“Манасты” бурмалап, Б.Жакиев автор катары көрсөтүлгөн уятсыз китеп чет жактан каржыланганбы?

Бөлүшүү:

Эмнегедир акыркы жылдары залкар жазуучубуз Ч.Айтматов “Кыргыз маданиятынын туу чокусу, энциклопедиясы” деп атаган, дүйнөдө теңдеши жок “Манас” эпосун бурмалаган “жалганчы манасчылар” көбөйүүдө. Жакында эле Бүбү Мариям Муса кызы деген автордун Кайыптан жаралган варианты С.Алахан, А.Эркебаев жана башка акыл-эстүү окумуштуу-филологдор тарабынан атайын жыйында талкууланып, жайсаңчылардын маскасы сыйрылган эле. Баарынан да булардын онго жакын томдукту кыргыз, өзбек тилдеринде басып чыгарууга каражатты кайдан алгандыгы таң каларлык. Бирок жакында “Кыргыз эл баатыры” Б. Жакиевдин авторлугу менен мектеп окуучулары жана студенттерге сунушталган “Манастын” варианты боюнча каттуу пикирлер айтылууда. Анда Манас менен Каныкейдин ортосундагы төшөк мамилеси ачык сүрөттөлгөн. Албетте, биз андай интимдик саптарды айтууга оозубуз барбайт. Баарынан да бул окуу китеби 2011-жылы билим берүү министрлиги тарабынан жактырылгандыгы таң каларлык. Макул, кыргыз элинин өзөгү болгон жалгыз рухий маданиятын талкалап, булгап, келечек муунга вулгардык эпос катары көрсөтүүгө аракет кылсын. Бирок биздин бүтүндөй бир министрлигибиз эмне кылып, кайда карап отурат? Бизге жеткен маалымат боюнча, жогорку жайсаңчылардын он томдугу да, Б.Жакиевдин уятсыз варианты да чет жактан каржыланган. Кыскасы, Чубак ажынын жеке турмушун талкуулаган “уяттуу” интеллигенция да, жогор жактагы “жакшылар” да “Манас” менен иши жок окшойт.

Булак: “Майдан.kg”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 65 − 64 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: