Ош облусунун Чоң-Алай районунда 2017-жылдын 3-майында болгон жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.
Аталган аймакта курулушу бүтпөгөн үй-бүлөлөрдү кыш мезгилинде убактылуу турак-жай менен камсыз кылуу максатында 2017-жылдын 6-декабрында 1 бөлмөлүү 4 даана мобилдик турак үйлөр, КР ӨКМнин 4 даана оор жүк ташуучу унааларына жүктөлүп, Жекенди айыл аймагынын Шибе айылына жөнөтүлдү.
2017-жылдын 30-ноябрынан 6-декабрына чейин жалпы 15 мобилдик турак үйлөр (14 даана – 1 бөлмөлүү жана 1 даана – 2 бөлмөлүү) жеткирилип берилген.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ