Menu

Сахароводо кармалып турган 16 мигрант Кыргызстанга депортацияланды

Бөлүшүү:

Москва шаарындагы иш сапарынын алкагында Сахароводогу чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемеде кармалып турган 44 кыргызстандык мигранттын 16сы Кыргызстанга депортацияланды. Бул тууралуу Кыргызстандын акыйкатчысы Кубат Оторбаев билдирди.

Анын айтымында, Орусиянын мыйзамын бузду деген кине тагылган жарандарга укуктук жардам көрсөтүлгөн. Калгандары азыр да ошол мекемеде кармалууда.

Буга чейин акыйкатчы Оторбаев чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу атайын мекемедеги мекендештеринин жашоо шарты жана абалы менен таанышкан эле. Бул жайда алгач 76 кыргызстандык кармалып турганы айтылса, кийин алардын саны 44 экени белгилүү болгон.

Ноябрь айынын этегинде он чакты кыргызстандык мигрант Москвадагы Сахарово миграциялык борборунда көргөн зордук-зомбулук жөнүндө «Азаттык» радиосуна даттанып, ур-токмокко кабылганын, шылдыңдоого туш болгонун айткан эле.

Расмий адамдар чет мамлекеттерде иштеген кыргызстандык мигранттардын саны 717 миң адам экенин айтып жүрүшөт. Алардын 615 миңи Орусияда экени айтылса, анын жарымы эле Москва шаарында иштейт.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 34 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: