Menu

ТүркПА Кеңешинин жыйыны ТүркПАнын төрагалыгы казак тараптан кыргыз тарапка өтүү салтанаты менен башталды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-декабрда Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун, Азербайжан Республикасынын Улуттук Межлисинин Төрагасы Октай Асадовдун, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасы Исмаил Кахрамандын, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасынын орун басары Гүлмира Исимбаеванын жана ТүркПАнын Башкы катчысы Жандос Асановдун катышуусунда Түрк тилдүү өлкөлөрдүн Парламенттик Ассамблеясынын (ТүркПА) Кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

ТүркПА Кеңешинин жыйыны Ассамблеянын төрагалыгы казак тараптан кыргыз тарапка өтүү салтанаты менен башталды. КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ТүркПАга төрагалык кылуу мезгилиндеги жемиштүү ишмердүүлүгү үчүн казак кесиптешине ыраазычылык билдирди. Ал: “Кыргыз тараптан парламенттер аралык кызматташтык менен парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө баардык күч-аракеттер жумшалат”,- деп кесиптештерин ишендирип өттү. Жогорку Кеңештин Төрагасы түрк тилдүү мамлекеттердин бир туугандык мамилесин бекемдөө зарылдыгын баса белгилеп, Кыргызстандын төрагалыгы мезгилинде ТүркПАга мүчө өлкөлөрдүн өз ара карым-катышы жаңы сапаттуу деңгээлге чыгарына үмүт артаарын билдирди.

Өз кезегинде аталган Кеңештин катышуучулары Кыргызстандын ТүркПАга төрагалык кылуу ишине ийгиликтерди каалашты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 16

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: