Menu

Регионалдык ажырым кеттиби? Темир Сариевдин таскагы эми угулат…

Бөлүшүү:

Өткөн президенттик шайлоодо Темир Сариев эч ким ойлобогондой аз добуш алып калганы көпчүлүктү таң калдырган. Эң башкысы, каражаттын тартыштыгынан аксаганы, дал ушунун кесепети көпчүлүк шайлоочулардын маанайын башка жакка буруп кетти. Башкы атаандаштарынын бири акчага, экинчиси админресурстун күчүнө таянышып, негизги фавориттер катары алдыга чыгышкан. Мындай шартта Темикенин түндүк регионундагы жүз миңден ашуун электоратынын көпчүлүгү Өмүрбек Бабановго, айрымдары Сооронбай Жээнбековго ооп кетишти. Элдин көз карашы деле сымап сымал бир орунда турбайт тура. «Сариевдин каражаты тартыш болууда, андан көрө Бабановго добуш таштайлы» деген чүйлүктөр бир эсе камакка алынган Канат Исаевге да жан тартышып, Жээнбековго протест жасагандай кылышты. Канчалык админресурстун таасири болсо да Соке акырында Бабановго Чүйдөн утулуп калганы факт.

«Болор иш болду, боёсу канды» демекчи, шайлоодон кийин да жашоо бүтүп калмак беле? Саясый күрөш улана берет. Бабанов чет өлкөгө чыгып кеткен боюнча кайрылбай жүрсө, Исаевди камакта калтырышты. Сариев болсо убактылуу тыныгуу алып, кайрадан чоң саясаттын казанына кайнай баштады. Негизинен көпчүлүк жергиликтүүлөр кармана турган лидерлерин таппай калышып, сандарын чаап атышат, не пайда? Ошентип, Бабановго добуш бергендер жазга карай Сариевге оой беришсе, Жээнбеков да ойлонот. Чүйдөн ага таяныч керек. Буга чейин бийлик тарабынан аттуу-баштуулар куугунтукка алынып, асыресе, саясаттан сүрүп чыгарууга аракеттер көрүлгөн. Эл деле байкап атат да. Ошон үчүн регионалдык баланс сакталбай, кырдаалды курчутууга олку-солку жагдай жаралып кетпейби? Дал ушул жакган «өксүктү» толтуруу үчүн Соке менен Темикенин ымаласы келишүүсүнө негиздер бар.

Ал эми экс-президент макамына ээ болгон Алмазбек Атамбаевдин айланасында белдүү, кыйынчылык кезде тирек боло турган аттуу-баштуулардын суюлуп кеткени байкалып эле турат го? Келечекте АШАнын душмандары эсептешүү, өч алуу үчүн баш көтөрүшүп, тиштерин кайрай башташса кантет? Бир кыянын суусун ичип чоңоюшкан Иса Өмүркулов менен Туйгунаалы Абдраимовду да экс-президент бир канча ирет капа кылып койгон жайы бар. Бул эки досу да ичтеринен сызып, баштагыдай жибибей калышкан. Мындай шартта «досторуна» атаандаштык үчүн деле Сариевди «иним» деп Атамбаев бооруна тартса, экөө илгерки бир жүргөн убактарын эстешип, жакындашып кетишери ыктымал. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн ичинен жалгыз Темике гана Алмаз байкеси менен урушкан жок. Калгандары бет карашпай, элдешүүгө бара турган сызыктан өтүп кетишкен.

Кыскасы, жазга карай саясый-социалдык, экономикалык кризистер чыңалып отуруп, анан регионалдык жиктешүүлөрдүн көйгөйүнө да айланып кетпейби? Олуттуу суроо! Карапайым калк ичинде аксакалдар нааразы болушууда. «Кең Сары Өзөнүбүз касиети менен баарын батырып келет, бирок чүйлүк кулундарыбыздын тыңдары камалып атса (Канат Исаев), башкалары кызматтардан алынды, куугунтукталды, Темир Сариевдин да жолун тосушуп, кыянаттык кылышты, бу кандай? Президент, премьер-министр, спикер, вице-премьерлер, дээрлик министрлердин ичинен алсак дагы, неге калыстыкты сактоо менен кадр саясатын жүргүзүшпөйт?!» деген ачуу суроолорду коюшуп, баш чайкап отурушат. Албетте, бул эл ичинде болуп аткан нааразычылыктын бир үзүмү…

Булак: “Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 66 + = 71

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: