Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл аймагындагы № 5 көмүр казуу шахтасында 2017-жылдын 6-декабрь күнү саат 10:00 чамасында 1993-жылы туулган Курбанов Жээнбек Абдрахманович шахтага белине кур (трос) байлап түшүп баражаткан учурда кур үзүлүп кетип 15 метр терендикке түшүп кетип каза болгон. Бул туурасында ӨКМден маалымдашты.
Агасы алып чыгып Кызыл-Кыя шаарынын ооруканасына жеткирген.
Азыркы учурда Курбанов Жээнбек Абдрахмановичтин денеси Кызыл-Кыя шаардык өлүк сактоочу жайында.
КР ӨКМне кайрылуу түшкөн эмес.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ