Menu

Чоң-Алай районунун тургуну ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырды

Бөлүшүү:

Ушул жылдын 6-декабрь күнү Чоң-Алай РИИБне Чак айылынын 38 жаштагы К.М. аттуу тургуну 28-калибрдеги “ИЖ-17” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын өз ыктыяры менен тапшырган. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ал эми, Ноокен районунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар менен октор жарандардан табылып алынган. Ноокен райондук милиция кызматкерлери Аримжан айылынан 29 жаштагы К. Ө. аттуу жергиликтүү тургун 5,6-калибрдеги “ТОЗ-8” үлгүсүндөгү ок атуучу куралын жанына алып жүргөн жеринен кармалган. Текшерүү учурунда ок атуучу куралдын тиешелүү документтери жок болуп чыккан. Ушул эле айылдын 41жаштагы А.М. аттуу жашоочусуна өздүк кароо жүргүзүү учурунда жанынан 7 даана 5,6-калибрдеги октор менен кармалып, үйүнөн 50 даана 5,6-калибрдеги окторду алып чыгып берген.

Алынган ок атуучу куралдар, октор тиешелүү экспертизага жөнөтүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.
ИИМ эскертет: Эгерде жаран ок атуучу куралдын ээси болбосо, сактаганга жана колдонгонго уруксат берилбейт. Тез арада куралды укук коргоо органдарына тапшыруу керек. Тапшырбоо учурунда жаран административдик же кылмыш жоопкерчилигине кириптер болот.

Ал эми катталбаган курал-жарактарды, окторду, жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен тапшыргандар кылмыш ишине тиешеси жок болсо, анда кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: