Өзбекстандын Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик комитети өлкөдөгү он алтын кендеги чалгындоо иштерине чет өлкөлүк төрт компанияны тартты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги комитет төрагасы Бобир Исламовдун Ташкентте өткөн Uzgeoinvest-2017 эл аралык конференцияда айткандарына шилтеме кылып кабарлады.
Маалыматка караганда, комитет тиешелүү макулдашууларга канадалык B2Gold, британиялык NordGold, түркиялык TUMAD жана түштүк кореялык Shindong Resources компаниялары менен кол койду.
Исламов кендердеги алтындын ыктымал запасы тууралуу маалыматтарды ачыктаган жок. Анын айтымында, чалгындоо иштерине салынчу инвестициялардын жалпы көлөмү 8 миллион долларга жетет. Макулдашуу эки жылга түзүлүп, анын соңунда инвесторлор өз ишинин жыйыныгына карап долбоордун кийинки баскычтары боюнча чечим чыгарышы керек болот.
«Инвесторлор болжолдуу чалгындоо иштерин лицензияларды жол-жоболоштурбастан эле жүргүзө алышат. Бул технологияларды жана чет өлкөлүк компанияларды тартуудагы ишти жеңилдетет», – деди Исламов.
Мекеменин маалыматына караганда, Өзбекстан өкмөтү баалуу металлдар боюнча перспективалуу 31 аянтчанын жана 12 кендин тизмесин бекитти. Алардагы алтындын болжолдуу запасы 151 тонна, күмүштүкү 1,2 миң тонна экени айтылууда.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ