Menu

ЖК тармактык комитетинин демилгеси менен ЕАЭБдин Бажы кодексин талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү

Бөлүшүү:

Бүгүн, 8-декабрда Экономика министрлигинде Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин демилгеси менен «2017-жылдын 11-апрелинде Москва шаарында кол коюлган Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодекси жөнүндө келишимин ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоорун талкуулоого арналган парламенттик угуу өттү. Иш-чарага Жогорку Кеӊештин депутаттары, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Тармактык комитеттин мүчөсү, депутат Ирина Карамушкина Бажы кодекси ЕАЭБ курамына кирген мамлекеттердин бажылык жөнгө салуу аракеттерин жол-жоболоштура турганын, алардын бажы иштери боюнча өз ара мамилелерин жөнгө салчу башкы докумен болуп саналарын белгилеп, парламенттик угуунун катышуучуларын аны талкулоо жүрүмүнө жигердүү катышууга чакырды.

Иш-чара жүрүшүндө экономика министри Артем Новиковдун, бажы кызматынын башчысы Азамат Сулаймановдун ЕАЭБ Бажы кодексинин артыкчылыктуу жактары тууралуу баяндамалары угулду.

Экономика министри Артем Новиковдун айтымында, Бажы кодекси анын курамындагы өлкөлөр ортосундагы соода-сатык мамилелеринин өнүгүшүнө түрткү берет. «ЕАЭБдин Бажы кодексинин жоболору эл аралык соода мамилелерине кайчы келбейт. Ал бажы мамилелерин жөнгө салып, соода жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн кеӊейтет. Анын алкагында электрондук «бирдиктүү терезе» усулунун киргизилиши кагаз түрүндөгү документтерден арылтып, ишти кыйла жеӊилдетет», – дейт министр.

Депутаттар Бажы кодексинин товарларды башка өлкө чегине өткөрүү, чек аралардагы тыгындардан арылтуу жүрүмүнө тийгизе турган таасирине кызыгышты. «ЕАЭБдин Бажы кодекси чек арадагы бажы жол-жоболорун жөнөкөйлөтөт. Мындайча айтканда, сунушталып жаткан чек ара тыгындарын чечүүнүн ыӊгайлуу механизмдеринин бири болуп саналат. Азыр чек арадан товар өткөрүү мөөнөтү 2 сутка болсо, ал 4 саатка чейин кыскарат», – деген жообун берди өкмөт өкүлү.

Парламенттик угуу жыйынтыгында резолюция кабыл алынып, ЕАЭБ мамлекеттеринин ортосундагы бажы мамилелерин жөнгө салуу, Бажы кодексинде камтылган жоболордун иштеп кетишин камсыз кыла турган алгылыктуу механизмдерди иштеп чыгуу, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоо жаатында бир катар сунуштамалар берилди.

Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 19

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: