Menu

БУУнун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашуу ратификацияланды

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков “2017-жылдын 14-июнунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Бириккен Улуттар Уюмунун өнөр жайды өнүктүрүү боюнча уюмунун ортосундагы Төлөнбөгөн чегерилген төгүмдөр боюнча карыздарды жөнгө салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу”  Кыргыз Республикасынын  Мыйзамына кол койду. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 2-ноябрында кабыл алынган.

Макулдашуунун максаты – ЮНИДОнун алдында чегерилген төгүмдөрдү этабы менен жоюу жана ЮНИДОнун колдоосу менен Кыргызстанда өнөр жайды инклюзивдүү жана туруктуу өнүктүүрүгө жетүү үчүн Өнөктөш өлкө статусун алуу.

Макулдашууда төлөмдөрдүн графиги каралган, алар беш жылдык мезгилдин ичинде төлөнөт. Карыздарды жабуу менен байланышкан финансы каражаттары тийиштүү жылга республикалык бюджетте жыл сайын каралып турат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып  он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 26 = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: