Menu

Муфтийдин катышуусунда Нарын облусунда Куран жаттоо медресеси ишке кирди

Бөлүшүү:

Кечээ, 7-декабрь бейшемби күнү Нарын шаарындагы «Саад ибну Абу Ваккас» мечитинин Куран жаттоо медресесинин ачылыш аземи болуп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КМДБнын даават, үгүт-насаат жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн жетекчиси Билалидин ажы Сайпиев, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев, Нарын шаардык кеңешинин төрагасы Жыргалбек Ботоканов баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Нарын казыятынын кызматкерлери, демөөрчүлөр катышты. Бул туурасында КМДБнын басма сөз кызматы билдирет.

Куран жаттоо медресесинин ачылыш саамалыгында Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев диндеги эң зарыл ибадаттардын бири Куран окуу тууралуу баяндап, кыямат күнү Курани Каримчелик эч нерсе жардамчы боло албай тургандыгын эскертип, жалпы элди ынтымак менен биримдикке, достук менен кайрымдуу болууга чакырды. Ал эми «Саад ибну Абу Ваккас» мечитинин имамы жана Куран жаттоо медресесинин мүдүрү Эрик Молдокуловго жана медресени куруп берген демөөрчүлөргө белек-бечкектер тапшырылып, медресенин ишине ийгиликтерди каалашты.

Саамалык алкагында кызыл жип кесилип, бата-дубалар менен коштолгон куттуктоо сөздөр айтылды.  Андан соң медресенин 30 студентине ылайыкталган жатаканасы, окуу класстары жана  дааратканасына түзүлгөн шарттар менен  коноктор таанышып чыгышты.

Эске салсак, учурда Нарын медресесинин алдындагы Куран жаттоо корпусунда 24 студент Куран жаттап, өз билимдерин жогорулатууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 41 + = 51

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: