Menu

Сапар Исаков президентти парламент шайласа дейт

Бөлүшүү:

Сапар Исаков журналисттер менен жолукканда “Мен премьер-министр катары эмес, Сапар Исаков деген жаран катары Келечекте президентти эл эмес, парламент шайласа туура болот. Мен муну премьер-министр катары эмес, жөнөкөй жаран Сапар Исаков катары айтып жатам” деди. Исаков Кыргызстанды толук кандуу парламенттик башкаруудагы өлкө катары санап алса керек. Парламенттик башкаруудагы өлкөлөрдө гана президентти парламент шайлайт эмеспи. 2010-жылы парламенттик өлкө болдук деген менен Атамбаев өлкөнү президенттик башкаруудагы өлкө катары башкарганы жалганбы? Исаков 2011-жылы эле Атамбаев президент болом деп чыкканда “Президентти парламент шайласа туура болот” деп айтканга неге жараган эмес. Ошондо деле жөнөкөй жаран катары айтып койсо болмок да. Толук парламенттик башкарууга өтсөк премьер-министрдин укугу күч алат. Мүмкүн, Исаков тез арада ушул башкаруу формасына кирип алсак, мен президентке көз каранды болмок эмесмин деп ойлоп жаткан чыгаар. Айтканы иш жүзүнө ашып кетсе, жаңы шайланган президентти туура эмес шайланып калган экен, парламент эле шайласа туура болот  деп парламент аркылуу президенттикке көз артып жаткан жокпу? Ой деген кайда жетелебейт адамды. Туурабы?

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 − 69 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: