Menu

Шадиев Ак үйдү Көк үй менен алмаштырды

Бөлүшүү:

Аскар Шадиев баардык жагынан бак коштоп жүргөн жан экен да, Кудайдын сүймөнчүгү сыяктуу. Кечээ депутаттык креслосун биринчи вице-премьер-министрлик креслого алмаштырып, жогору жактан орун алды. Буга чейин министрлик орундарга кеткен депутаттар 5-6 айда барган кызматынан куулуп, депутаттык мандатынан да ажырап, куру жалак калчу. Шадиев жаңы барган кызматынан кете турган болсо, кайра депутаттык ордуна кайтып барат. Баш мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча премьер-министр менен биринчи вице-премьер болуп кеткен депутаттын орду сакталып турат. Ушундай мүмкүнчүлүк биринчилерден болуп Шадиевдин маңдайына жазылды. Эми ал кызматтан алынып калсам ара жолдо калам деп коркпой, эки жакты кылчактабай, жалтанбай, жогор жактан келген буйрукту аткарбай өз ишин мыкты алып кетиши керек. Кызыл кекиртегин ойлосо, жаңы киргизилген норманы күм-жам кылып биротоло көмүп кетет.  Ээси табылбай бош турган биринчи виценин орду “Бир Болго” тийгени да туура эле болду. Көпчүлүк коалицияда эң аз депутаты болсо да, бул фракция КСДП менен “Кыргызстанга” салыштырмалуу реалдуу программаны сунуштай алышкан. Шадиев эми “Илбирс секирикти” көрсөтүүгө милдеттүү.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 88 + = 96

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: