Menu

Байсалов Лондондо Жээнбеков тууралуу лекция окуду

Бөлүшүү:

Англиянын «Chatham House» деген эл аралык байланыштар боюнча дүйнөгө атагы чыккан, жүз жылдык тарыхы менен баркталган атактуу борбору бар. Ушул борбордо дүйнөлүк лидерлер жыл сайын дүйнөдө кандай окуялар болуп жатканы жөнүндө лекция окушуп, катуу талкуу жүргүзүшөт. Ал жерге Ли Куан Ю, Кандалиса Райс, Клинтон баштаган дөө-шаалар келип лекция окушкан. Россиянын президенти да чакырылып, ал дагы өз мекенинде, дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча өз пикирин айткан. Ошол борбор бул жылы Кыргызстандан таңдайынан чаң чыгара такылдаган Эдил Байсаловду чакырыптыр. Эдил кечээ күнү Лондондо дүйнөлүк аналитиктерге, окумуштууларга биздеги болуп өткөн шайлоо, өлкөдөгү саясий кырдаал боюнча лекция окуду. Ал Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүндө өлкөгө тийгизген терс таасирлерин, анын ичинде экономикага, тышкы саясатка болгон мамилесин так айтты. Экс-президент өзү “ЕАЭС уюмуна шашылыш кирип алганыбызды, бул уюм ишенимди актай албаганын, андан башка жолдор менен өнүксөк болмок экен” деп айткан сөзүн да келиштирип окуду. Жаңы президент катуу атаандаштык менен шайлоодо жеңип чыкканын, ага мандатты эл бергенин белгилеп, Атамбаевдин короосунан чыгышы керек деген маселени да Лондондо окумуштуулардын алдына талкуу үчүн таштады.

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 31 + = 36

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: