Menu

Фейсбуктагы пикирлерден кийинки ой

Бөлүшүү:

Казакстан менен чек араны чечүүгө аракет кылган  Сооронбай Жээнбековдун эмгегин турсыларын чогулткан коомдук бирикменин өкүлдөрү ойлонгон да жок

29-ноябрда Казакстандын «Хабар» каналынын эфиринен 2010-жылы Кыргызстан башынан кечирген кандуу апрель окуясы тууралуу  даректүү  документалдуу кинотасма көрсөтүлдү. Тасма Казак Республикасынын Президенти Нурсултан Назарбаевдин Фондунан каржылангандыгы ачык айтылды. Арийне, бул тууралуу жашыруунун кажети жоктугу дагы ачык белгиленген, анткени тасма Кыргыз Республикасынын гана эли эмес, бүткүл дүйнө жүзү көргөн  документалдуу материалдардын негизинде тартылган экен….

“Хабардын” кабарчылары тасмада Кыргызстан 2010-жылы 7-апрелде өткөн мамлекеттик төңкөрүштөн кийин граждандык согуштун алдында тургандыгын баса көрсөтүштү. Кинотасманын авторлорунун пикиринде, жаңжалдын кесепетинен Кыргызстанда граждандык согуштун башталып кетүүсүнө жол бербөөгө Нурсултан Назарбаевдин кошкон салымы чоң – бул чындык.

“Эгерде Нурсултан Абишович Назарбаев кийлигишпегенде, Кыргызстан дүйнөлүк картада согуш талаасы жүрүп жаткан өлкө катары кала бермек. Назарбаевдин “акылмандыгы” менен гана Кыргызстандын бүтүндүгү жана эгемендүүлүгү сакталып калган”, – дейт тасманын авторлору. Бул ойду Кыргыз Республикасынын өткөөл мезгилинин президенти Роза Отунбаева да  “Хабар” агенттигине  берген маегинде тастыктады.

Айтып коюу керек, аталган тасмада  Назарбаевди, Казак Республикасынын бийлигин “коррупцияга батып кеткен, элдин мүлкүн уурдаган кылмышкерлер” дегенге чейин барган Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жөнүндө бир да сөз айтылган эмес. Ал пенде, мактоого да, сынга да татыган эмес экен, кысталактыкы…

Бирок, ал тасмада, Кыргыз Республикасынын мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин маегине орун берилген. Маек азыркы бийлик үчүн “букага кызыл чүпүрөк көрсөткөндөй” эле болуп калыптыр, себеби, Курманбек Салиевич өз маегинде: “Үй-мүлкүмдү алсын, кийим-кечемди деле мейли кийсин, техниканы пайдалансын. Үй-бүлөлүк сүрөт альбомдорду да алып кетишиптир, аларды эмне кылышат эле, кайтарып беришпейби… Айткандан да уялат экенсиң, ал тургай ич кийимдеримден бери талап кетишиптир…”,  – деп  айтып коюп жатпайбы….

Анын маегинде: “Ошондой жаман иш болуп калды. Үй-жайымды төңкөрүш башталары менен эле тоноп кетишиптир, ошондуктан, мен бир чемодан жана кийип жүргөн кийимим менен өлкөдөн чыгып кеттим”, деп айтканын казак документалисттери видеотасма менен тастыктап туру.

Ошондой эле, Курманбек Бакиев: “Мен баары бир, буюрса, Кыргызстаныма кайтып келем”, – деди.

Кыргызстанда эл үмүт арткандай адилеттүү сот, мыйзам сыйлаган прокурорлор келишсе, кан кечип, бийликке келгендер жоопкерчиликке тартылса, ошол эле мародерлордун алдым-жуттумдугу ачылса, адамдардын борбордук аянтта жана региондордо кантип өлүшкөндүгү ачыкка чыгарына ишенич болсо, ошондо гана Бакиев кайтып келет деген атуулдарыбыз да бар.

“Бакиевдер келсе, чындыктын баары ачыкка чыгат, төңкөрүштөн кийин, Убактылуу өкмөттөн дайындалган Башкы прокурор Кубатбек Байболовдун: 7-8-апрелде аянтта 17 адам каза болгон, анын ичинде 8 укук коргоо органдарынын кызматкерлери..” деген көп жолу жасаган билдирүүлөрүн териштирсе, чындык билинип калат, деп кайра эле Бакиевди маскара кылуу аракеттеринин азабынан, өздөрү уят болуп маскара болгону, кеткен бийликтин буйругун дагы эле аткаргандык, эң эле кейиштүү иш болуп калды.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун кээ бир мүчөлөрү Кытайдан чыккан арзан турсилерди сатып алышып, казак элчилигине барышып, Назарбаевге беребиз, Бакиевге жеткизүү үчүн, деп, жасаган иш аракеттери, акылы толук адамдын оюна да келбейт эле. Ошондуктан болсо керек, бул иштин башында 2010-жылдагы  7-апрелде өткөн төңкөрүшкө чейин резюмесинде алакандай жазуу жок, экс-депутат, Мээрбек Мискенбаевдин жетекчилигинде жасалган иш экенин көпчүлүк айтып жатышат.

Сүрөткө тартып алган бир балит селсаяктын турсийин, ошол эле Мискенбаев депутаттыкка чейин, көчүгүн аарчыганды билбей жүргөндө кийген турсийи болсо керек, деп да айткандар болду. Албетте, бу тамаша иретинде айтылган кеп, бирок, Мискенбаевдин атын Мээрбек дебестен Мээ-бок, дегенде да кеп жатса керек.

Мисалы, Мээрбек бул акцияны Чым-Коргон айылындагы оорукананын дарбазасынын алдында жасаса: “Ай, бечара, эми кантсин”, – деп, эл түшүнмөк. Бирок, бул эргулдар, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук уюмунун атынан жасап жатканы түпкүлүгүндө одоно иш болуп калды… Анан турсилерди Казак Республикасынын Өкүлчүлүгүнүн алдына “Назарбаев үчүн” – деп  алып барышканы кыргыз элин, Кыргыз Республикасын мазактоо эмей эмне?

Алмазбек Атамбаевдин Назарбаевдин дарегине, Казак Республикасынын чиновниктеринин дарегине айтылган дооматтардан кийин, кайра эле кыргыз элин дөөпөрөс кылып көрсөтүүгө Мискенбаевге ким уруксат берди?

Атамбаевдин “косяктарын” жокко чыгарбаса да, ал эл аралык саясаттагы акмакчылыктын кесепетин азайтып, кыргыз бизнесине Казакстан аркылуу жолду ачып берүү аракетинде жүргөн жаңы шайланган президентибиз Сооронбай Жээнбековдун эмгеги текке кетеби? – деп турсыларын чогулткан коомдук бирикменин өкүлдөрү ойлонгон да жок.

Жарандык активист Акмат Раманкулов “Фейсбуктагы” баракчасында “Тиякта Соке мамилени оңдоюн деп жүрсө, бул эшектер биякта тескери иш кылыптыр”, – деп жазып чыкты.

“Айкөл Ала-Тоонун” жетекчилери  Казак президенти Нурсултан Назарбаев менен, Кыргыз президенти Сооронбай Жээнбековду, андан да,  казак эли менен кыргыз элин жүз караштырбайлы деп аракет кылышкандыгы ачык-айкын эле болуп турат. Бирок, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков Казак Республикасынын президенти Нурсултан Абишович Назарбаев менен тил табышып, чек ара маселесин жакын арада чечкенге макулдашып, “Жол картасына” жана башка келишимдерге кол коюшту.

Демек, Алмазбек Атамбаев Жээнбеков менен Назарбаевдин ортосуна “саясый бок” таштаганынан эч балээ чыккан жок. Бул Мискенбай – сескенбайлардын жасаган иштери тууралуу “кеңкелестердин иши” деп эки коңшу мамлекеттин лидерлери тыянак чыгарышса керек.

“Башы менен ойлонгонду үйрөнбөгөн кээ бир жарандарыбыздын мындай иш максаттары  биздин казактар менен кылымдар бою келе жаткан бир туугандык мамилеге бөгөт койбосо да, жарака кетирүүсү мүмкүн”, – дейт Чүй облусунун, Сокулук районунун  тургуну Исаков Маматкадыр.

“Айкөл-Ала-Тоо” деген ыйык атты жамынып алган, бирок, деңгээли ич кийимден төмөн болгон байкуштар кызыктай акция өткөрүштү. Алардын арасында бекерчи жана кемакылдар жүрөт. Кызыгы, бир чоң эле аял улам ич кийимдерди жайып көрсөтүп жатат. Колунда нике шакеги бар, 50гө чукулдап калган куракта. Анын үйүндө эри, балдары, кыздары болсо керек. Уятсыз энесин көрүп, ошолор уялышкандыр. Бирок, тиги уятсыз катындын бетинде уялуунун кыпындай түрү жок”, – дейт өз баракчасында Фейсбуктун активдүү катышуучусу журналист Аскат Тейит:

Интернетте аябай эле катуу ой-пикирлер айтылыптыр, дагы бирин, бир аз “жумшартып” окуучулардын назарына беребиз.

“Казактарга барып, кыргыздарды уят кылган Мээскинбаев ал турсийлерди башына кийип алсын. Мээси жок болгон соң, башын да пайдаланышы керек да. Ушул кеңкелес Ошко бир келсе болот эле. Өзүн артка каратып коёт элек”, – дейт Ош шаарынын тургуну Абдышүкүр  Адылов.

Бул, “Таластыктар эл эмес”, “Нарындыктар малсыңар…” деген иштен кетсе да, бийликте калдым деген ажонун “шестүркасы” деп элдин баары эле билет. Быйылкы жылдын эмес, Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүнүн эң эле келесоо  тарапташы, тачке түрткөндөн эч нерсе билбей туруп, Жогорку Кеңештин депутаты болгон Мээрбектин башы түшүрүлгөн медаль ыйгарыш керек го…” – деген пикир да социалдык баракчалардын биринде айтылып туру.

Ошондой эле, Аскат Тейит: “Чындыгында, Мээрбек Мискенбаевдин, Казак элчилигине турсий алып барып, кыргыз-казак мамилелер кыйын мезгилинде, келесоолук кылганга духу да, мээси да жетмек эмес. Аны үгүттөгөн бирөө бар. Ал бирөө Атамбаев менен кеңешкен неме. А балким Атамбаев өзү болушу мүмкүн”, – деген пикирин айтса,  Бишкек шаарынын тургуну Айылчиев Максат дагы ушул ойго кошулуп: – “Колунан кармап албагандан кийин, бул же тигинин буйругу боюнча жасалган иш деп айта албайм. Бирок, Алматыда консул болуп жүргөн келесообуз, бирөөнүн буйругун аткарып жатты, деп толук ишенич бар” дейт.

“Мискенбаев, келесоо, Бакиев ким экенин, кандай киши экенин деле билбейт да, билген да эмес. Ал тачкесинен башка эч нерсе билген эмес, “тупой” болгонун аны билгендер айтып берет. “Эл дүрбөсө, эшек кошо дүрбөйт” болуп, бул тачкист элден өйдөлөнүп кеткени кыргыз элинин бир күйүтү болуп калды. Бул шакал (Мээрбек Мискенбаев), Бакиевдердин бири эле алдынан чыкса, кирерге жер таппай калат, аны мен анын бетине эле айткам”, – дейт, Ош базарында соода кылып жүргөн Абдразаков Ишенбай.

“Искенбайдын эң эле кыйраттым деген иши ушулбу? Мамлекетке бир кымындай пайда келтиргенге жарабайт да, ар дайым эле былжырап элдин кыжырын келтирип жүрөт. Эми минтип турсий көтөрө чуркап, кимге жагынам деп, бок болгон турсийди, токтолгон эле аялга жыттатып койгонун эч түшүнүү болбойт. Андан көрө, неберелери бар аялды пайдаланбай, өзү эле башына кийип алса жакшы да, түшүнүктүү да болот эле, мээси тайкырак болгон Мээрбек Мискенбаевке абдан жарашат эле”, – дейт апрель төңкөрүшүндө Мискенбаевдин жанында жүргөн, мародерлукка каршы чыккан  Азимбек Аширалиев.

Ошондой эле: “Бок турсий мээси жок Мээрбектин башынан түшпөсүн. Мискенбаев жана анын кол астындагы түшүнүгү тайкырактардын жасаганы – Бакиевдер келип элди ким атканын далилдеп берсе, анда оптом эле мародерлук үчүн соттолобуз деп корккондон жасаштыбы? Бул суроого жооп качан болот, ким билет, бирок, буюрса, жооп да болот, жоопкерчилик да болот”, – деп, сөзүн бүтүрдү Азимбек Аширалиев.

“Иши кылып, Бакиевди маскара кылабыз деп, Мискенбаевдей акыл-эстери бөксө болгон, мурун, төңкөрүшкө чейин, элдин айтышы боюнча, тачка сүйрөп оокат кылган, бир аз “баклан” немени пайдаланган бийликке да баракелде. Кандай болсо да, мародерлор, бул акцияны жасагандар да жоопко тартылыш керек”, – дейт журналист Аскат Тейит…

Булак: “Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 33 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: