Menu

Сапар Исаков Жалал-Абад облусун өнүктүрүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 8-декабрда, Жалал-Абад облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын жана Ош облустары боюнча өткөрүлгөн.

Премьер-министр белгилегендей, Өкмөт өз ишинде өлкө аймактарындагы калктын бакубаттулугун жогорулатууга өзгөчө маани берет, буга байланыштуу бардык облустарды социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн тыкыр иш-чараларын иштеп чыгуу, ошондой эле алардын аткарылышын мониторингдөө боюнча активдүү иш жүрүүдө.

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиев аймактын учурдагы экономикалык көрсөткүчтөрү, өнөр жай, айыл чарба, инфраструктураны, туризмди өнүктүрүү жана жолдорду реабилитациялоо жаатындагы негизги көйгөйлөр жөнүндө маалымат берди.

Тактап айтканда, Кыянбек Сатыбалдиев үстүбүздөгү жылы ишке киргизилген жаңы өнөр жай жана социалдык обьектилери, жумушсуздукту кыскартуу, курулушу токтоп турган обьектилерди бүткөрүү боюнча чаралар жана аймакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу долбоорлору тууралуу кеңири маалымат берди.

Премьер-министр Сапар Исаков жергиликтүү бийликтин биринчи кезектеги күч-аракети металл тосмолорун орнотуу, тротуарларды, жөө жүргүнчүлөр өтмөгүн , жарыктандыруу тутумун жана жол чийимдерин жакшыртуу аркылуу аймактагы негизги трассалар жана ички жолдор боюндагы инфраструктураны модернизацияло жана реконструкциялоого бурулушу керектигин дагы бир ирет баса белгиледи.

Мындан тышкары, Өкмөт башчы Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттикке, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетине жана ыйгарым укуктуу өкүлчүлүккө «Авиньен» ЖЧК темир эритиндисин чыгаруучу заводдун ишин калыбына келтирүү үчүн инвестицияларды тартуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.

Ошондой эле Сапар Исаков «Кыргызалтын» ААК учурда 1000 адам иштеп жаткан «Макмалалтын» алтын өндүрүүчү комбинатынын иштөө мөөнөтүн узартуу боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүнү тапшырды.

Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча агенттикке, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуга жана Экономика министрлигине заманбап рынок талабын эске алуу менен «Майлуу-Суу электр лампа заводу» ЖЧК ишмердүүлүгүнүн тармагын кеңейтүү үчүн инвестицияларды тартуу боюнча деталдуу иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлиги менен биргеликте Сузак районунда ири өнөр жай обьектилерин, же логистикалык борборду курууга жер тилкесин бөлүү мүмкүндүгүн тыкыр иликтеп чыгуу тапшырылды

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга жана Айыл чарба, тамак-аш өнөр жай жана мелиорация министрлигине ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды куруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Транспорт жана жолдор министрлигине Бишкек-Жалал-Абад багыты боюнча авиакаттамдар санын жогорулатуу мүмкүндүгүн иликтеп, бул боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.

Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине облустун райондорун жана айылдарын ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча так иш-чаралар планын иштеп чыгуу тапшырылды.

Экономика министрлигине жана Тышкы иштер министрлигине аталган долбоорду ишке ашырууга эл аралык донордук уюмдарды тартуу маселесин иштеп чыгуу тапшырылды.

Билим берүү жана илим министрлигине Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги жана Финансы министрлиги менен биргеликте курулушу токтоп турган билим берүү мекемелерин бүткөрүү боюнча ыкчам тартипте сунуш киргизүүсү тапшырылды.

Өкмөт башчы облустун социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу боюнча коюлган милдеттерди ыкчам чечүү үчүн мамлекеттик органдардын аймактык подразделениелеринин жана жергиликтүү бийликтин так координациясынын өзгөчө маанилүү экендигин баса белгиледи.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: