Menu

Курманкул Зулушев, депутат: «Фракция лидери бол дешкенде, өз каалоом менен баш тарттым»

Бөлүшүү:

— Курманкул мырза, фракция лидерин алмаштыруунун артында саясий оюн болгону жашырсаңыз деле белгилүү болду да. Бабановду алып түшчүлөрдүн катарында сиздин дагы атыңыз кошулуп жүрдү эле, Казакпаевдин фракция лидери болуусуна каршы чыктыңызбы?

— Өзүңүздөргө маалым болгондой, бизде фракциянын лидери алмашты. Он беш депутат Руслан Казакпаевге, он эки депутат Талант Мамытовго добуш беришти. Фракция лидеринин алмашканынын себеби, Өмүрбек Бабанов өз каалоосу менен арыз жазып берди. Жаңы фракция лидерин шайлоо учурунда мен Кыргызстанда болбой калдым. Бизде ишеним кат деген бар. Ошол ишеним катты таштап кеткем. Мен ишеним кат таштап кеткен киши Талант Мамытовго добуш бериптир. Менин оюмча фракция ичинде жүргүзүлгөн лидерди шайлоо мыйзамдуу эле болду. Ар бир депутат өзү каалаган кишисине добуш бере алды десем болот. Фракция ичиндеги шайлоонун жыйынтыгы менен Руслан Казакпаев фракциянын лидери болуп шайланып калды.

— Сиз фракция лидерлигине көрсөтүлбөй калдыңыз, сүйлөшүү ошондой болуп чечилдиби?

— Партиялаштарым мага ишеним артып, лидер бол дешкенде, өз каалоом менен баш тартып, фракция арасындагы шайлоого катышпадым.

— Сот тармагында иштеп кеткен адис катары айтсаңыз, сот тармагында кандай реформалар жүрүүдө?

— Сот реформасы тууралуу айта турган болсом, көп иштер жүрдү. Жети кодекс кабыл алдык. Өзгөчө сот реформасына басым жасай турган мыйзамдар. Учурда жети кодекстин экөө ишке кирди. Жарандык процессуалдык кодекс менен административдик кодекс ишке кирди. Калган кодекстер 2019-жылдын 1-январынан баштап ишке кирет. Бул кылмыш- жаза кодекси, кылмыш жана процессуалдык кодекстер. Аталган кодекстерде кемчилдиктер аябай көп, муну бир жылдын ичинде сунуштап, өзгөртүүлөргө сунуш беришибиз керек.

— Сот системасы жалаң акчасы жоктор үчүн гана иштейт. Ал эми акчалууларга соттун алы жетпейт дегендерге көз карашыңыз кандай?

— Эми муну ар кандай түшүнсө болот да. Мыйзам кабыл алынып жатканда, бул байлар үчүн, бул кедейлерге деп кабыл алынбайт. Ал жерде мыйзамдык нормалар бирдей жазылат. Ал эми практикада кандай колдонулат, ошол учурда баа берилет. Кабыл алынган мыйзамдар боюнча батыштын тартибинде көп жаңы нормалар кирип калды. Бул сот системасында жана укук коргоо системасында кыйынчылыктарды туудурат.

— Сот менен депутаттын кимисинин жумушу жеңил экен?

— Сот болуп иштеген адам, кылмыш иши боюнча ар бир чечим кабыл алганда жүрөгүңдөн өткөрүп, ички туюм менен мыйзамдын талаптарына таянып чыгарасың, бирөөнүн тагдырын чечүү өтө оор. Депутат болуп иштеген өзүнчө чоң жоопкерчиликтүү жумуш. Сен демилгелеп, кабыл алган мыйзам жалпы мамлекет үчүн иштейт. Ошондуктан экөө тең жоопкерчиликтүү кызмат. Бул жерде экөөнө тең аяр мамиле жасоо зарыл.

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: