Menu

Алтынбек Мамаюсупов ТүркПАнын Башкы катчысы кызмат ордуна дайындалды

Бөлүшүү:

Кечээ, 8-декабрда Бишкек шаарында өтүп жаткан ТүркПАнын VII пленардык жыйынында парламенттер аралык бирикменин Башкы катчысы кызмат ордуна жана анын орун басарларына талапкерлер тандалды. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Ошентип, ТүркПАнын Башкы катчылыгына Алтынбек Мамаюсупов (Кыргызстан), Башкы катчынын орун басарлыгына Фуад Алекперов (Азербайжан), Наурыз Айдаров (Казакстан), Али Юлдыз (Түркия) дайындалды.

Андан тышкары, ТүркПАнын комиссияларынын төрагалары менен алардын орун басарлары да бекитилди.

Белгилей кетсек, ТүркПА түзүмүндө төрт комиссия бар: Укук маселелери жана эл аралык мамилелер боюнча комиссия; Социалдык, маданий жана гуманитардык маселелер боюнча комиссия; Экономикалык кызматтыштык боюнча комиссия; Айлана-чөйрө жана жаратылыш байлыктары боюнча комиссия. Алардын курамына мүчө-мамлекеттердин баары өз талапкерлерин сунуштай алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 72 − = 63

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: