Премьер-министр Сапар Исаков ЖМКлардын өкүлдөрү менен жолугушууда жол-кайгуул кызматынын дарегине айтылган сындар боюнча оюн билдирген. «Бул органга көп сындар айтылып жатат. Мен үчүн бул маанилүү нерсе. Реалдуу сындарды эске алыш керек. Максатым натыйжаны көрсөтүшүбүз керек. Натыйжа болот. МАИ кызматкерлери бир органга uана баш ийе турган реформаны ишке ашырабыз. Анткени бүгүнкү күндө жолдордогу тартипти көзөмөлдөгөн инспекторлор райондук, шаардык ички иштер башкармалыктарынан көз каранды. Айдоочулардан алган акчаны чоңдоруна ташыйт. Мен муну жоём», – деди Исаков. Премьер-министр муну ишке ашыруу үчүн атайын комиссия түзүп, курамына тиешелүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү, активдүү интернет-колдонуучулары киргенин кошумчалады. Элди тоногондордун кекиртегин буубаса карапайым калкка эле кыйын болуп жатат.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ