Акыркы мезгилде өз ишине берилип, маңдай терин төгүп, үзүрлүү иштерди аткарып жаткан аткаминерлердин алдыңкы сабында саналу гана кишилер бар. Алардын бири Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев десек жаңылышпайбыз. Башкасын айтпаган күндө да, өлкөдөгү саламаттыкты сактоо мекемелеринин курулуш жана ремонт иштерин өтөөсүнөн чыга алды. Айтсак, Акаев менен Бакиевдин учурунда унутта калган Улуттук онкология жана гематология борборун жаңылап, бир нече жылдан бери акыйган ремонттук-курулуш иштеринин аягына чыгарды. Ошону менен бирге Улуттук перинаталдык борбордун жаңы корпусунун курулушу аяктоо алдында турат. Жер-жердеги иштер да ордунан козголуп, алыскы Чоң-Алай сындуу райондордо жаңы мекемелер курулду. Айтор, атына камчы салдырбай таскагын катуулатып келе жатыр, ушул калыбынан жазбаса деген тилекти каалайбыз.
Булак: “Ачык саясат”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ