Menu

Ирактын премьери өлкө «ИМ» тобунан толук бошотулганын жарыялады

Бөлүшүү:

9-декабрда Ирактын премьер-министри Хайдер аль-Абади өлкө «Ислам мамлекети» террордук тобунан толук бошотулганын жарыялады.

Багдадда сөз сүйлөгөн аль-Абади Ирактын Сирия менен болгон чек арасынын бардык тилкеси, анын ичинде чөлдүү райондору дагы ирак армиясынын көзөмөлүнө өткөнүн билдирди.

Мурдараак Ирактын бардык ири калктуу конуштары «ИМдин» жоочуларынан бошотулганы кабарланган.

2014-жылы «ИМ» тобу Ирактын аймагынын үчтөн бир бөлүгүн, анын ичинде кийин «халифаттын» борбору деп аталган Мосул шаарын дагы басып алган. Ирак армиясы күрт жана шийит кошуундарынын, ошондой эле АКШ башында турган эл аралык коалициянын колдоосу менен жоочуларга каршы күрөш жүргүзүп, акырындык менен кайрадан аймактарды өз көзөмөлүнө ала баштаган. Мосул быйыл жыл башында бошотулган.

Бир нече күн мурда Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы коңшу Сирияда орусиялык аскерлер “Ислам мамлекети” тобун жеңүү миссиясын жыйынтыктаганын жарыялаган. Бирок эл аралык коалициядан жихадчылар дале Сириянын бир катар аймактарын өз көзөмөлүндө кармап турганын билдиришүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 4

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: