Menu

Адам укуктарынын күнүнө карата Мамлекеттик департамент билдирүү жасады

Бөлүшүү:

АКШнын Мамлекеттик департаменти Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата билдирүү жасады. 69 жыл мурда, 10-декабрда БУУнун Башкы Ассамблеясы Адам укуктарынын жалпы декларациясын кабыл алган.

Бул эл аралык документ бардык адамдардын тең жана тартып алынбас укуктарын, адамдык кадырын сыйлоого көмөктөшүүгө багытталган. Декларацияда адам укуктарын сыйлоо – бул эркиндиктин, адилеттүүлүктүн жана тынчтыктын негизи экени жазылган.

«Түрдүү жаңжалдардан качып башка өлкөлөргө барууга мажбур болгон, бийлик репрессиясына каршы күрөшкөн же башкалардын пайдасы үчүн эксплуатацияланып жаткан адамдар үчүн Адам укуктарынын жалпы декларациясы бир аз да болсо үмүт берип келет. Вашингтон адам укуктары менен демократияны Кошмо Штаттардын сырткы саясатындагы приоритет катары эсептейт», — деп айтылат мекеменин сайтына жарыяланган билдирүүдө.

Анда АКШ Адам укуктарынын бүткүл дүйнөлүк күнүн белгилөө менен демократиянын жана адам укуктарын коргоонун негизги баалуулуктарын жактай тургандыгын көрсөтүп жатканы белгиленген. «Кошмо Штаттар бардык өлкөлөрдү Адам укуктары боюнча декларацияда көрсөтүлгөн жоболорду сактоого жана аларды бардыгына бирдей колдонууга чакырат. Эгер ар бир адам өз мүмкүнчүлүктөрүн толук көрсөтүп, ар бир мамлекет катаалдыктан эркин болсо, анда дүйнө коопсузураак болот» деп жазылган билдирүүдө.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 74 + = 79

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: