Menu

“Таза коом” курабыз деп кыйкырган премьер Сапар Исаков Октябрь районунун акиминин 1-орун басары кылып кылмыш иши козголгон адамды дайындады

Бөлүшүү:

8-декабрь күнү КР премьер-министри Сапар Исаков Бишкек шаарынын Октябрь районунун акиминин 1-орун басары кылып Салтанат Жумашеваны дайындаганы белгилүү болду. Бул тууралу укук коргоочу Светлана Антропова билдирип чыкты.

“Таза коом” курабыз деп оозунан көбүк чачкан КР премьер-министри акимдин 1-орунбасары кылып мурун кылмыш иши козголгон адамды жооптуу кызматка дайындаптыр.  Салтанат Жумашевага Байтиктеги жер участкаларын мыйзамсыз сатуу боюнча кылмыш иши козголуп, бирок доомат убактысы өтүп кетти деген шылтоо менен ал кылмыш ишин жаап салышкан. Жумашева ал кылмыш иши боюнча акталган эмес. “Крышасы” күчтүү Салтанат Жумашева кайра МТУнун начальниги болуп дайындалып, кол астындагыларды куугунтуктап мыйзамсыз кызматтан бошоткондугу үчүн сотко берилип, сот аларды кайра кызматына кайтарып, мыйзам бузгандыгы үчүн Салтанат Жумашеваны 50.000. сом айыпка жыккан.

Ал эми прокуратура жогорку бийликке Салтанат Жумашеваны мыйзам бузганы үчүн кызматтык жазалоо боюнча кайрылуу жөнөткөн. “Таза коом” курам деген Сапар Исаков Жумашеваны жазалоонун ордуна кайра кызматынан өйдөлөткөн. Ушундан улам Сапар Исаков келечекте кандай “таза коом” курары белгилүү болуп жатат. Ооз жүзүндө бирди айтып иш жүзүндө башканы жасоо бүгүнкү бийликтин жүзү.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: