Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алды. Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдиргендей, жолугушууда Эрлан Абдылдаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйыны жана Сербияга расмий сапарынын жыйынтыгы тууралуу айтып берди.
Мындан тышкары Жээнбековдун 13-14-декабрда Өзбекстанга боло турган расмий сапарына көрүлүп жаткан камылга жөнүндө маалымат берди. Президент тышкы иштер министрине сапарга кылдат даярдык көрүүнү тапшырды.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен быйыл 5-октябрда барган. Эки мамлекеттин сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып жакшыра баштады.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ