Menu

Казакстанда 200гө жакын шахтер нааразылык акциясын өткөрүүдө

Бөлүшүү:

Казакстандын Караганда облусунда түнкү смендин 200гө жакын жумушчусу 11-декабрь эртең менен шахтадан чыгуудан баш тартышты. Шахтага ээлик кылган «АрселорМиттал Темиртау» компаниясынан жумушчулардын акциясы мыйзамсыз экенин билдиришүүдө.

«Анда төрт шахтанын жумушчуларынын жарымы сыртка чыгуудан баш тыртышты. Калган шахталар штаттык режимде иштеп жатат», – деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Караганда облусунун акими абалды өз көзөмөлүнө алганын жана «компания жетекчилиги менен жумушчулардын кесиптик биримдигинин ортосундагы эмгек мыйзамдарынын алкагында сүйлөшүү иштери башталганын» билдирди.

Акциянын катышуучулары маяналарды жогорулатууну, эмгек шарттарын жакшыртууну жана шахтерлор үчүн жеңилдетилген пенсияны калыбына келтирүүнү талап кылып жаткандыгы кабарланууда.

Бул акыркы эки жуманын ичинде Караганда облусунда болгон шахтерлордун экинчи нааразылык акциясы. Ноябрдын соңунда Түштүк-Жезказган кенинин ондогон жумушчусу иш күн аяктагандан кийин сыртка чыгуудан баш тартып нааразылык акциясын өткөрүшкөн. Алар дагы маяналарды жогорулатууну жана пенсияга кошумча акча кошууну талап кылышкан. Анда алардын акциясына сырттагы жүздөгөн жумушчулар да кошулушкан. Кийинчерээк кенди иштеткен «Казахмыс» корпорациясы жумушчулар менен мунасага келгенин жарыялаган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 79 + = 85

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: