Menu

Алмамбет Салиев КР Президентинин аппаратынын жетекчисинин орун басары болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык Салиев Алмамбет Абдимиталипович Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралу аппараттын расмий сайты жарыялады.

Өмүр баяны

Алмамбет Салиев 1983-жылы 8-ноябрда Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында төрөлгөн.

Билими:

2000 – 2005 — Ош мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинен “Юриспруденция” адистиги боюнча окуп, артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Ош мамлекеттик университетинин Бизнес жана менеджмент факультетин сырттан окуп бүтүргөн

Эмгек жолу:

2004 – 2008 — “Апель Фарм” ЖЧКда юрист;

2008 – 2009 — Ош облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери;

2009 – 2010 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башкы адиси;

2010 – 2011 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн сектор башчысы;

2011 – 2012 — Ош мамлекеттик администрациясынын коргонуу жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;

2012 – 2016 — КР өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын укуктук тартип, коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;

2014 – 2016 — Ош юридикалык институтунда окутуучу;

2016-жылдын апрель айынан май айына чейин КР премьер-министринин жардамчысы;

2016-жылдын май айынан тарта КР өкмөтүнүн аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

2017-жылдын декабрынан бери КР өкмөтүнүн Коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысынын орун басары.

2-класстагы мамлекеттик кызматынын кеңешчиси.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: