Menu

Кыргызстан менен Өзбекстан Орто-Токой суу сактагычын мөөнөтсүз мезгилге биргелешип пайдаланат

Бөлүшүү:

Жогорку Кеӊештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитети бүгүн, 11-декабрда  Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касан-Сай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.

Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен бирге пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу толугу менен Кыргызстанга өткөн. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.

Белгилей кетсек, Орто-Токой суу сактагычы чегарадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калгандыктан, ага ээлик кылуунун шарттары узак мезгилден бери чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 5 = 2

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: