Menu

Сооронбай Жээнбековдун Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуусу

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

Төмөндө Мамлекет башчысынын кайрылуусунун тексти:

12-декабрда бүткүл прогрессивдүү адамзат улуу ойчул, гуманист жазуучу Чынгыз Айтматовдун туулган күнүн белгилейт. Бул туурасында президенттин расмий сайты жарыялады.

Бул күн Айтматовдун урматына улуттук адабият күнү катары жарыяланган. Залкар жазуучу Чынгыз Айтматовдун 2018-жылы белгилене турган 90 жылдык мааракеси бүгүн башталат.
Чынгыз Айтматов аң-сезимибизди руханий асылдуулукка сугарып, дүйнөлүк цивилизациянын маданий чөйрөсүн байытууга зор салымын кошкон кыргыздын улуу инсаны.
Ал ааламдык ойчул экендигин дүйнөгө таанытты. Айтматовдук рух дөөлөтүн жаратты. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары “ички рухтун эркиндиги үчүн ар дайым күрөшкө чакырат.”
“Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөртөт”. Бул сөз Айтматовдун жазуучулук башкы миссиясы. Айтматов өзүнүн улуу чыгармалары менен дүйнөнү өзгөрттү, биздин көз карашыбызды, дүйнө таанымыбыздын чабытын кеңейтти.
Айтматовдун көркөм адабияты көкүрөккө асылдыктын үрөнүн сээп, тазалыкка, аруулукка үндөп келет. Жазуучунун улуу көркөм мурасын терең өздөштүрүү, кеңири жайылтуу жана анын гуманисттик идеяларын окуп үйрөнүү өзгөчө мааниге ээ. Айтматов – доордун үнү, доордун чындыгы. Айтматовдун көркөм дүйнөсү түбөлүктүү.
Залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун дүйнөлүк классикага айланган чыгармаларын кастарлап окуган бардык мекендештерибизди бүгүнкү адабият майрамы менен куттуктайм! Бул майрам – улуттук баалуулуктун күнү, руханий дүйнөбүздүн майрамы!

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 45 − = 44

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: