Menu

КР ИИМдин Ардагерлер кеңеши тарабынан аткарылган иштери боюнча отчеттук кайра шайлоо жыйыны болуп өттү

Бөлүшүү:

11-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин отурум залында министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаковдун жетекчилиги алдында Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлер уюмунун 2017-жылдын ичинде аткарган иштери тууралуу отчеттук кайра шайлоо жыйыны болуп өттү. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Аталган конференцияда министрдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Сүйүн Өмүрзаков ардагерлер уюмунун мүчөлөрү ички иштер органдарындагы улуттук салтты камсыздоодо, жаш курактарына карабастан ички иштер органдарында иштеген кызматкерлерге топтолгон иш-тажрыйбалары менен бөлүшүүдө чоң роль ойноп жаткандарын баса белгиледи.

“Мекени үчүн кызмат кылууда өздөрүнүн кызматтык милдеттерин так аткарып, кийинки муундарга үлгү болгон ардагерлер-кайраттуу, эрктүү жана жоопкерчиликтүү уулдарды тарбиялап жатканыңар үчүн мен ыраазычылыгымды билдиргим келет. Ардагерлердин кесиптик жана турмуштук тажрыйбалары тартипти камсыздоодо, өздүк курамдын мекенчилдик сезимин жана тандаган кесибине болгон сүйүүсүн жогорулатууда маанилүү орунду ээлейт”,-деп Сүйүн Өмүрзаков билдирди.

Ардагерлер уюму ички иштер органдарынын тутумунда маанилүү орунду ээлөө менен бирге аларсыз учурда Министрликтин ишмердүүлүгүн алып кетүү оңой эместигин баса белгилеп, жыйынга чогулгандарга ыраазычылыгын билдирип кетти.

Өзүнүн докладында ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султанбек Жоошбаев жаш кадрларды даярдоодо өздөрүнүн иш-тажрыйбасы менен бөлүшүүгө ардагерлер ар дайым даяр экендигин билдирди. “Бүгүнкү күнү республикада 6 миң 295 ардагер бар. Алардын ичинен 172 ардагер аксакалдар сотунда иштешет. 993 ардагер орто билим берүү мекемелерине, 754 ардагер коомдук алдын алуу борборлоруна бекитилсе, 71 ардагер айылдык, райондук жана шаардык кеңештерде депутаттык кызматты аркалашат. Миңден ашуун ардагерлер мектептерде иш алып барышат. Андан сырткары, 1 миң 139 ардагер устаттык иштер менен алектенишүүдө. Ички иштер органдарынын ардегерлери тарабынан 2017-жылы 131 кылмыштын бети ачылгандыгын,- баса белгиледи Султанбек Жоошбаев.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы, отставкадагы милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев 2017-жылдын ичинде ардагерлер уюму тарабынан аткарылган иштер тууралуу жылдык жыйынтыктоочу отчету менен маалымат берип жатып, ардагерлерге болгон мамиленин жакшыртылганы ардагерлердин ишине болгон жоопкерчилигин жогорулай тургандыгын билдирди. Жыл ичинде ардагерлер уюмунун аткара турган иштери ИИМдин тутумуна болгон элдин ишинимин жогорулатууга, тартиптин сакчыларынын сыймыктуу атын бекемдөөгө жана милициянын практикалык ишмердүүлүгүнө жана социалдык-укуктук жактан коргоого катышууга багытталды.

Ошондой эле, ардагерлер уюмунун ишмердүүлүгү дагы алдыга жылып, Ардагерлер кеңешинин ар бир мүчөсүнө берилген тапшырма көзөмөлдөнүп, кызматтык даярдыктан өтүү, милициянын жаш кызматкерлерин үйрөтүү сыяктуу иштерге активдүү катышышты. Кыргыз Республикасынын ИИМдин жаш кызматкерлерди жана жарандык жаштарды мекенчилдик иштерине тарбиялоодо Милициянын тарыхы музейинде бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Андан сырткары, ардагерлер маданий-массалык жана спорттук иш- чаралардын активдүү катышуучуралы экендигин баса белгилеп кетүү керек.

Ардагерлер менен пенсионерлердин социалдык жана укуктук жактан жаралган маселелер ар дайым көзөмөлдөнуп турат. Ардагерлер Кыргыз Республикасынын ИИМдин госпиталында дарыланып, “Аалам” жана “Джержинец” саламаттыкты чыңдоо борборунда эс алышат. Пенсионерлер тарабынан материалдык жана башка жактан муктаж болгондор камкордукка алынып, аларга жардам көрсөтүү үчүн Ардагерлер кеңешинин мүчөлөрүнөн, милиция кызматкерлеринен бекитилип, жардам көрсөтүлүп турат.

Генералдар Клубунун төрагасы, милициянын отставкадагы генерал-майору Садырбек Дубанаев өткөн жылдары чынында эле милиция кызматкерлерине абдан жакшы көңүл бурулду. Имараттар жана үйлөр курулуп жатат, дагы да курулууда. Алардын арасында үй алган ардагерлер да бар. Биз бардыгыбыз учурдагы Президентибиздин жүргүзүп жаткан саясатын колдойбуз жана коррупцияга каршы күрөштө, коомдук тартип сактоодо салым кошуу менен бирге эл ичинде туура коомдук пикир түзүүдөбүз. Демек биз биргелешип иш аракет кылып, коомдун алдыңкы уюштургуч күчтөрүнө айланышыбыз зарыл,- деп баса белгиледи.
Жыйындын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ардагерлер кеңешинин аткарган иштери канаттандыраарлык деп эсептелип, токтом кабыл алынды. Жолугушууда ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы кызматына бирдиктүү добуш менен отставкадагы милициянын полковниги Султанбек Жоошбаев кайрадан шайланды. Мыкты уюштуруучу, оптимист, “ар бир нерсени майын чыгарып кылыш керек!” деген принцип менен иштеген аракетчил адам, экендиги да баса белгиленди.

Жыйындын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынын ардагерлеринин коомдук уюмунун аткарыла турган иштери боюнча иш-мерчемдери бекитилди. Жаш кызматкерлерди практикалык жактан мекенчилдикке тарбиялоо боюнча мамлекеттик программаны улантуу үчүн чечим кабыл алынды. Андан сырткары, ардагерлердин материалдык, моралдык жана медициналык жактан көйгөйлөрүн чечүү, анын ичинен биринчи кезекте майыптарга, ички иштер органдарынын ардагерлерине, согуштук иш-аракеттерге катышкан жана кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин үй-бүлөөлөрүнө көнүл буруу боюнча иштерди күчөтүү керек экендиги баса белгиленди. ИИМдин Басма сөз кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: