Кара-Суу районунун тургуну 5 граммдан ашык гашиш баңгизатын сатып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.
Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Ош облусунун Кара-Суу районунун Дыйкан-кыштак айылында жашаган шектүүнүн үйү текшерилип, натыйжасында 1,45 грамм гашиш, 198 грамм марихуана, 1 килограмм 855 грамм опий баңгизаттары табылган.
Жогорудагы кылмыш ишине шектүү Ош облусунун 51 жаштагы тургуну болуп чыккан. Азыркы учурда убактылуу жумушсуз жана мурда соттолгону аныкталган.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 247-беренесинин (Баңгилик каражаттарды, психотроптук заттарды болбосо прекурсорлорду сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү же сатуу) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ