Menu

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо үчүн атайын иш-чараларды өткөрүүдө

Бөлүшүү:

Республиканын аймагында ЖКККББнын кызматкерлери жол-транспорттук кырсыктардын санын азайтууга, жол кыймылынын катышуучуларынын маданиятын жогорулатууга, жол абалын турукташтырууга багытталган алдын алуу иш-чараларын өткөрүп жатышат. Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Ушул жылдын 4-10-декабрга чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери “Рульдамын” аталышындагы иш-чараны өткөрүштү.

Аталган иш-чара автоунааны мас абалында башкаруу менен жол кырсыктарына дуушар болууну алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө.

Алардын ичинен: 199 айдоочу автоунааны мас абалында башкаргандар, жол кыймылынын ылдамдык эрежелерин аткарбаган 1006 айдоочу, жолдон өтүүдө жол чырактын белгилерине баш ийбеген 466 айдоочу, автоунааны техникалык кароодон өткөрбөгөн 228 айдоочу, жол белгилеринин талаптарын аткарбаган 2059 айдоочу, автоунааны айдоо күбөлүгү жок айдаган 210 айдоочу аныкталып, 522 айдоочунун автоунаасы айып пул төлөөчү аянтчага токтотулган.

ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери эскертет: Автоунааны мас абалында башкаруу бир гана айдоо күбөлүгүнөн ажыратпайт. Автоунааны мас абалында башкаруу менен кырсыкка кабылуу оор кесепеттерге алып келет. Ошондуктан, мас абалында автоунааны башкаруудан мурда ар бир айдоочу өзүнүн жана башка жарандардын өмүрүн коркунучка алып келээрин ойлонуу керек. Бул иш-чара ар бир аймактарда уланууда.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 71 + = 78

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: