Menu

Сапар Исаков Кубанычбек Кулматовду МБК борбордук аппаратынын жамаатына тааныштырды

Бөлүшүү:

Сапар Исаков бүгүн, 12-декабрда, Кубанычбек Кулматовду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын борбордук аппаратынын эмгек жамаатына тааныштырды. Бул туурасында өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Өкмөт башчы Кубанычбек Кулматовдун өлкөнүн бажы органдарындагы мыкты кесиптик тажрыйбасын белгилеп, анын жетекчилиги астында өлкөдө бажылык жөнгө салуунун натыйжалуулугу жогорулаарына ишеним билдирди.

«Кубанычбек Кулматовду кызматтын жетекчиси катары дайындоонун негизги себебинин бири – ал МБК жеке курамы үчүн жаңы адам эмес. Ал көп жыл бою бажы органдарында иштеп, МБК жетекчилиги кызматында жакшы жыйынтыктарды көрсөткөн», – деп белгиледи Сапар Исаков.

Соңунда Премьер-министр Сапар Исаков Мамлекеттик бажы кызматынын жаңы жетекчисине ишинин ийгиликтүү жана жемиштүү болушун каалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 17 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: