Menu

Жээнбековдун Өзбекстанга сапарында чек ара боюнча документ каралбайт

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбековдун Өзбекстанга сапарынын күн тартибине чек ара боюнча документтер киргизилген жок. Президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева Жээнбековдун сапары тууралуу журналисттерге маалымат берип жатып, чек ара боюнча кыргыз-өзбек өкмөттөрүнүн жумушчу топтору ишин улантып жатканын билдирди:

– Мамлекеттик чек аранын калган бөлүгүн делимитациялоо боюнча документ азырынча жок. Эки мамлекеттин өкмөттүк жумушчу топтору бул маселенин үстүндө иштеп жатышат. Мурдагы келишимге кол коюлгандан бери үч ай өттү. Бул аралыкта жумушчу топтор чек аранын 40 чакырымдан ашыгын такташты. Алдыдагы сапар учурунда чек ара боюнча документке кол коюлбайт.

Субакожоева кошумчалагандай, сапардын жүрүшүндө Жээнбеков Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, премьер-министр Абдулла Арипов, парламент спикери менен жолугушат. Өзбек лидери менен бир катар документтерге кол коюлат. Арасында каржы тармагында кызматташтык жөнүндө өкмөттөр аралык келишим, эки өлкөнүн Улуттук илимдер академияларынын илим-техникалык багытта кызматташуусу, Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин, жаштар иштери, бажы тармагында карыт-катнаш тууралуу документтер бар. Мамлекет башчылары жолугушуунун жыйынтыгы боюнча биргелешкен билдирүү жасашат. Сооронбай Жээнбеков13-14-декабрда президент катары алгачкы расмий сапарын Өзбекстандан баштаганы турат.

Быйыл 5-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келип, экс-президент Алмазбек Атамбаев менен кыргыз-өзбек чек арасы боюнча өткөөл келишимге кол коюшкан. Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын 1378 чакырым чек арасынын 1170и же 85 пайызы такталган. Калган 208 чакырым же 15 пайызы жыл соңуна чейин макулдашылары айтылган.

Кыргызстан менен Өзбекстандын сууп кеткен алакасы 2016-жылдын сентябрынан тартып оңоло баштады.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 24 − = 18

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: