2017-жылдын 7-декабрь күнү болжол менен саат 16:50 чамасында Ленин РИИБнин нөөмөт бөлүмүнө Арча-Бешик жаңы конушунда жайгашкан үйлөрдүн биринде жубайлар урушуп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында ИИМ басма сөз кызматы билдирет.
Көрүлгөн чаралардын негизинде окуя болгон жерге ИИМдин күзөт кызматкерлери келишип, болжол менен 40-45 жаштардагы эркек адамдын жансыз денесин табышкан. Андан сыткары, окуя болгон жерге Ленин РИИБнин ыкчам-тергөө тобу келип, тергөө учурунда 35 жаштагы жарандык аялы менен 43 жаштагы жолдошу уруша кеткендиги жана жубайы жолдошун бычак менен сайып салганы маалым болгон.
Бычактан алган жаракатынан жолдошу окуя болгон жерден каза болгон.
Жогорудагы факты боюнча Ленин РИИБнин тергөө бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголгон.
Андан сырткары, соттук-медициналык, биологиялык жана криминалисттик экспертизалар дайындалды.
Кармалган жаран Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ