Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле үч окууда жактырды. Бул туурасында Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирет.
Келишимге ылайык, Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычын Өзбекстан менен биргелешип пайдалануу чаралары каралууда. Тактап айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө.
Буга чейин суу сактагыч Өзбекстандын пайдалануусундагы Кыргызстандын чарбалык объектиси катары калгандыктан, ага ээлик кылуунун шарттары узак мезгилден бери чечилбей келген. Буга чейин аны өзбек сакчылары кайтарып турган.
Орто-Токой суу сактагычы чегарадан 13 чакырым ичкери жайгашкан. Анын жалпы аянты 850 гектарды түзөт. Сыйымдуулугу – 165 млн куб/метр. Топтолгон суунун 92 пайызын Өзбекстан, ал эми 8 пайызын Кыргызстан пайдаланат.
Келишим ратификациялангандан кийин өзбек тарап аны күтүүгө жылына 16 млн сом өлчөмүндө каражат бөлөт. Кыргыз тарап үчүн жаӊы 60 жумушчу орун ачылмакчы.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ