2017-жылдын 11-декабры күнү саат 21:05де Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы И.Раззаков көчөсүнүн №19А дарегинде жайгашкан “Градиент” май алмаштыруучу жайдын болжол менен 684 м2 аянты күйгөн. Бул туурасында ӨКМ басма сөз кызматы билдирет.
КР ӨКМнин №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, 1 АШ, №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 2 бөлүм, №102 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм жана №85 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм. Жалпы 7 бөлүм тартылган.
Өрт кырсыгы катталган жерге жалпысынан 6 бөлүм жана 1 автоунаа шатысы тартылып, өрт саат 23:12де чектөөгө алынып, саат 01:18де толугу менен өчүрүлгөн. Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби жана материалдык чыгымдары такталууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ