Menu

Тармактык комитет Өзбекстан менен Макулдашуулардын ратификациялык мыйзам долбоорлорун жактырды

Бөлүшүү:

Бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети 2 ратификациялык мыйзам долбоорун карашты. Бул туурасында ЖК басма сөз кызматы билдирет.

Алар:- «Ташкент шаарында 2017-жылдын 6-октябрында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой (Касансай) суу сактагычын мамлекеттер аралык пайдалануу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын  Мыйзамынын долбоору;

– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 7-декабрындагы №791 Токтому тарабынан демилгелеген 2017 –жылдын 6-октябрындагы Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекистан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы аба кыймылын тейлөөгө жоопкерчиликти өткѳрүп берүү жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу».

КР Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин билдиришинче, Макулдашуу аркылуу Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Орто-Токой суу сактагычын колдонуу тартипке салынууда. Тагыраак айтканда, суу сактагычты кайтаруу, иштетүү, башкаруу укугу толугу менен Кыргызстанга өтөт. Ал эми Өзбекстан суу сактагычты иштетүүгө кеткен чыгымды көтөрүү милдетин алат. Келишим мөөнөтсүз мезгилге түзүлүүдө. Ошону менен катар туруктуу комиссия түзүү каралууда. Анын негизги милдеттери суу сактагычтын иштөө режимин белгилөө, аны колдонуудагы жана техникалык жактан тейлөөдөгү зарыл болгон чыгымдардын көлөмүн аныктоо жана суу сактагычта кандайдыр бир өзгөчө кырдаалдар жаралган учурларда тараптардын аракеттенүү тартибин аныктоо жана башкалар болуп саналат.

Ал эми экинчи маселе боюнча КР Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов Макулдашуунун долбоорун иштеп чыгууда эки мамлекеттин территориясындагы учуулардын коопсуздугун камсыз кылуу башкы критерий болгондугун билдирди. Бул жагдай баардык аба трассаларында келишим түзгөн мамлекеттердин учактарынын экипаждары жана аба кыймылдарын башкаруу кызматтарынын ортосунда баардык бийиктиктерде туруктуу радио байланыштар болгондо гана жетишилет.

Комитет мүчөлөрү сунушталган Макулдашуулар боюнча ратификациялык мыйзам долбоорлорун 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 58 − = 48

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: