Menu

“Хизб Ут-Тахрир” диний -экстремисттик уюмдун мүчөлөрү кармалды

Бөлүшүү:

Укук коргоо органдары коомдук коопсуздукту камсыздоодо, диний экстремистик уюмдардын жана уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюда бир катар комплекстүү иш-чараларды жүргүзүшүүдө.  Бул туурасында ИИМдин Басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин, Жалал-Абад ОИИБнин жана УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери ыкчам-тергөө иштерин жүргүзүшкөн. Козголгон кылмыш ишинин негизинде Жалал-абад облусунун бир нече тургундарынын үйү текшерилип, диний-экстремисттик мүнөздөгү адабий китептер табылып, жарылуучу түзүлүштөрдү жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз сактоо фактысы дагы аныкталган.

1974-жылы туулган Х.А. аттуу жаранга таандык “Дэу Лассети” үлгүсүндөгү автоунаанын ичин текшерүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китептер жана баракчалар табылган.

Ошондой эле, беш жарандын үйүн соттун уруксаты менен тинтүү учурунда көп сандагы экстремисттик мүнөздөгү адабий китептер, китепчелер, баракчалар, аудио-видео материалдар табылган.
Негизги шектүү адам катары саналган 1985-жылы туулган А.А. аттуу жарандын үйүн текшерүү учурунда экстремисттик мүнөздөгү китептер, баракчалар, блокнот, флеш-карта, аудио-видео материалдар табылган. Андан сырткары, жарылуучу түзүлүштөрдү мыйзамсыз сактоо фактысы аныкталып, үйүнөн РГД-5 гранатасы, бет кап, мээлей, Жалал-Абад облусунун картасы, жарылуучу заттарды жасоо боюнча колдонмо, жарылуучу заттардын курамына кирген заттар дагы табылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 1-бөлүмү (Экстремисттик материалдарды сатып алуу, даярдоо, сактоо, жайылтуу, ташуу жана жиберүү, ошондой эле экстремисттик же террористтик уюмдардын символдорун же атрибуттарын атайылап колдонуу) жана 241-беренелери (Ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Укук коргоо органдары тарабынан “Хизб Ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун 7 мүчөсү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүүдө.

Учурда Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлиги башка укук коргоо органдары менен биргеликте кылмыш иштерине бөгөт коюу максатында атайын иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 1 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: