Menu

Сирияга согушка үгүттөгөн КЭР жараны кармалды

Бөлүшүү:

2017-жылдын 30-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин кызматкерлери 1973-жылы туулган А.А. аттуу Кытай Эл Республикасынын жаранын кармашкан. Себеби, 2016-жылдан баштап сирия-ирак аймагында болуп жаткан согуштук жаңжалга катышууга үгүттөө иштерин жүргүзүп келген. Бул туурасында ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тергөө учурунда жогоруда көрсөтүлгөн жаран Кыргыз Республикасынын Р.Ф. аттуу ат менен жасалма документ жасатып, ушул жылдын акыркы үч айында “Бишкек-Стамбул” аба каттамы менен беш жолу учуп барып келген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин (Документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) негизинде кылмыш иши козголуп, жасалма документке байланышы бар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлеринин өздүгүн тактоо боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Андан сырткары, коопсуздук кызматы менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын кармалган жараны эл аралык террористтик уюмга тиешеси бардыгы такталууда.

Кармалган жаранга карата Ош шаарындагы №5 тергөө абагына эки айга камакка алуу чарасы көрүлүп, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: