Menu

Астана: Сирия менен Иракта жүздөгөн казакстандык балдар бар

Бөлүшүү:

Учурда Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарында 390 казакстандык бала бар. Алардын 214ү эркек, 176сы кыздар. Бул тууралуу 12-декабрда өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Нургали Билисбеков парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Маалыматка караганда, акыркы бир нече жыл ичинде аталган өлкөлөрдөн 63 бала мекенине кайтарылган. Билисбековдун айтымында, жакында кеминде дагы 50 баланын Казакстанга алынып келиниши күтүлүүдө. «Биз бул маалыматтар чындыкка дал келе деп кепилдик бере албайбыз», — деп кошумчалады Билисбеков.

Быйыл казак бийлиги Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, террористтик жана башка оор кылмыштарды жасоого күнөөлүү деп табылган адамдар жарандыктан ажыратылат.

Бийликтин маалыматы боюнча, акыркы бир нече жыл ичинде Сирия менен Ирактын согуш болуп жаткан аймактарына жүздөгөн казак жараны чыгып кеткен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 86 + = 90

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: