Menu

Түркмөнстан: дайынсыз болуп жаткан жарандык активист 15 суткага камалган

Бөлүшүү:

Беш күндөн бери кайда экендиги белгисиз болуп жаткан түркмөнстандык активист Галина Кучеренко Ашхабаддын четиндеги Арзув айылындагы атайын кармоо жайында камакта. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматына жарандык активист Наталья Шабунц билдирди.

Анын айтымында, 12-декабрь эртең менен Галина Кучеренконун кызы Валерия апасы менен көрүшүп, ага жылуу кийимдерин берген.

«Түркмөнстан хроникасы» басылмасы билдиргендей, Галина Кучеренко коңшуларынын арызынын негизинде кармалып, 15 суткага камалды. Алар укук коргоо органдарына активисттин батиринде кармалган мышыктар менен иттерден улам жаралган антисанитарияга даттанышкан.

Кучеренконун үстүнөн сот ал кармалган күнү — 7-декабрда болгон. Ал күнү өздөрүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери катары тааныштырган кишилер активисттин үйүнө кирип, аны кызы Валерия менен чогуу алып кетишкен. Кечке жакын Валерия Кучаренко бошотулуп, полицияга каршылык көрсөттү деген шылтоо менен 50 манат (12 евронун тегереги) айыппул салышкан.

Эл аралык укук коргоо уюмдары түркмөн бийлигинин бул аракетине тынчсыздануусун билдиришип, Кучаренконун тез арада бошотулушун талап кылышты.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 83 = 86

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: