Menu

Сокулук РИИБнин кызматкерлери оор кылмышка шектүү жаранды кармашты

Бөлүшүү:

2017-жылдын 10-декабрь күнү болжол менен таңкы саат төрттөр чамасында Сокулук РИИБне жаңы конуштардын биринен адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул туурасында Чүй ОИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу келип, болжол менен 30-35 жаштардагы азият улутундагы эркек адамдын жансыз денесин табышып, денесинде көптөгөн жаракаттар бар экендигин аныкташкан. Тергөөнүн жүрүшүндө милиция кызматкерлери маркумдун өздүгүн такташып, ал 33 жаштагы К.Б. аттуу жергиликтүү тургун болуп чыккан.
Сокулук РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 33 жаштагы М.М. аттуу жаран кармалган.
Окуя болгон күнү экөө спирт ичимдигин ичишкен. Жолдон уруша кетишип, чыры мушташка айланган. Натыйжасында маркумдун денесине оор жаракат келтирген соң, аны ошол жерге таштап, шектүү үйүнө кетип калган. Маркум алган жаракатынан ошол жерден каза болгон.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 104-беренесинин 4-бөлүмү (ден соолукка атайылап оор залал келтирүүнүн негизинде адам өлүмүнө алып келүү) менен кылмыш иши козголгон.
Азыркы учурда кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 3 = 5

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: