Menu

Видео – Казакстан: иш таштаган кенчилер индиялык олигарх менен жолугушууну талап кылышууда

Бөлүшүү:

Казакстандын «АрселорМиттал Темиртау» ишканасынын 8 шахтасында жер алдынан чыкпай, иш таштаган жумушчулардын саны 684 кишиге жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Эмгек жана социалдык коргоо министри Тамара Дүйсенова билдирди.

Кенчилер айлыктарды эки эсе көбөйтүүнү, пенсияга 50 жаштан чыгарууну жана шаардагы социалдык инфраструктураны жакшыртууну талап кылышууда. Айтымдарында, учурда шаарда «сыра ичкен жайлар менен супермаркеттер гана» бар.

Алар ошондой эле шахтага ээлик кылган индиялык миллиардер Лакшми Миттал менен жолугушууну талап кылышууда. “Түшүнөбүз, анын колу бошобойт, бирок азыр XXI кылым го. Скайп, онлайн телеберүү деген бар. Биздин өкүл ага суроолорду берип, Миттал жооп берип койсо болду”, – деп билдиришти алар.

Кенчилер компания өкүлдөрү менен сүйлөшүү үчүн ар бир шахтадан бирден өкүл жөнөтүштү. Министр бул маалыматты ырастап, учурда кенчилердин 32 өкүлү жумуш берүүчүлөр менен сүйлөшүп жатканын айтты.

Иш таштаган жумушчулардын сырттагы кесиптештери дагы алар менен сүйлөшүп чыгышкан. Айтымдарында, шахтадагы жумушчулар талаптары аткарылмайынча сыртка чыкпай тургандыктарын билдиришкен.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 81 − = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: